БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Театрлар таймашынын кийинки этабы Ысык-Көлдө 10-11-май күндөрү өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Биринчи күнү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын академиялык драма театры менен Кочкор драма театры беттешип, Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө", Акималы Чекировдун "Байзак баатыр" жана Эрнис Турсуновдун "Баш мээси менен" аттуу спектаклдеринен үзүндү коюшат.
Ал эми 11-майда Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры менен Жумгал драма театры күч сынашат. Эки жамаат Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры", Уильям Шекспирдин "Отелло" жана Райкан Шүкүрбековдун "Жапалак Жатпасов" пьесаларынан үзүндү тартуулашат.
Театрлар таймашы аталган министрлик тарабынан демилгеленип, жыл башынан бери республиканын булуң-бурчундагы театрлардын катышуусу менен өтүп келет.