БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Эртең, 7-май күнү Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаап, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн күн 11 градуска чейин жылуу болсо, күндүз абанын температурасы 24 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 14, ал эми күндүз 27 градуска чейин жылуу болот.
Ошону менен бирге Кыргызгидромет 9-майдан 11-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталып, катуу жаан жаай турганын эскертет.