БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры бүгүн, 11-майда "Саманчынын жолу" спектаклин кайрадан тартуулайт. Бул тууралуу театр директорунун көрүүчүлөр боюнча орун басары Айдай Саитова билдирди.
Анын айтымында, аталган спектакль көпчүлүктүн суроосу менен кайрадан элге көрсөтүлмөй болду.
"Чыңгыз Айтматовдун Саманчынын жолу аттуу чыгармасынын негизинде даярдалган спектакль Марат Козукеевдин режиссерлугу алдында коюлган ", — деди Саитова.
Эскерте кетсек, аталган спектаклдин бет ачары үстүбүздөгү жылдын 10-февралында өткөн. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы көркөм кеңеш аталган спектаклге эң жогорку I даражаны ыйгарган.
Көрүүчүлөр спектаклге күндүзгү саат 12.00дө күбө боло алышат.