БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад облусунун тургунунан күрөң аюунун терисин табышты. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
© пресс-служба ГАООСЛХ при ПКРАйлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери күрөң аюунун терисин табышты.
![Шкура бурого медведя, изъятая сотрудниками территориального подразделения ГАООСЛХ в Джалал-Абадской области Шкура бурого медведя, изъятая сотрудниками территориального подразделения ГАООСЛХ в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102520/63/1025206331_0:0:1932:2576_600x0_80_0_0_2aab15b03997f363929412451950ecae.jpg)
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери күрөң аюунун терисин табышты.
© пресс-служба ГАООСЛХ при ПКР
"11-май күнү рейд учурунда Аксы районунун Тосту айылынын жашоочусу Кызыл китепке киргизилген күрөң аюунун териси менен кармалган", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда милиция жана прокуратура кызматкерлери тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.
Кыргызстанда күрөң аюуну атууга каралган айып пулдун көлөмү 400 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылык үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.