БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда 150 орундуу "Айша" аттуу мечит колдонууга берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Мечиттин ачылыш салтанатына Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Сүйүнбай ажы Калыков жана жергиликтүү тургундар катышты.
Салтанатта облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев жалпы элди жаңы мечиттин ачылышы менен куттуктап, мечит айыл элин ынтымак менен биримдикке, адеп-ахлакка чакырган уюткулуу жай болуусуна тилектеш экенин айтты.
Андан соң жаңы мечитте намаз окулуп, келген конокторго сый-тамак тартууланды.