БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бишкектеги калкты тейлөө борборунун түндүк филиалын капысынан барып текшерди. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
![Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бишкектеги калкты тейлөө борборунун түндүк филиалын капысынан барып текшерди. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бишкектеги калкты тейлөө борборунун түндүк филиалын капысынан барып текшерди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102537/76/1025377688_0:321:2238:1728_600x0_80_0_0_2e48ceb74f9e920507855d43df631896.jpg)
Сарпашев аталган борбордогу сүрөткө тартуу кызматы өтө жай иштей турганын айтып, борбордун жетекчисине алардын ишин көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле VIP-бөлмөлөрүнүн ишин жандантып, калк арасында бул кызматты жакшы жайылтуу керектигин айтты. Мындай VIP-бөлмөлөрдүн артыкчылыгы — жарандар кассага расмий түрдө 500 сом төлөйт, керектүү документтерди борбордун кызматкери чогултуп, толтуруп берет.
"Борборго киргенде эле көзгө дароо көрүнгүдөй кылып VIP-бөлмөлөрдүн кызматы тууралуу жазууларды илиш керек. Мындай кызматка болгон талап дайыма бар. Андыктан калк арасында түшүндүрүү жана маалымдоо иштери жүргүзүлүшү керек", — деди ал.
Сарпашев борбордо кезек күтүп тургандардын арыз-мунуң угуп, өз ишин так аткарбаган кызматкерлерге карата чара көрүүнү тапшырды.