БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкин 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында боло турчу жайкы олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алды. Бул маалыматты КР Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
"КРдин Жеңил атлетика боюнча федерациясы Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерацияга кайрылып, Тяпкинге жолдомо берүүнү өтүнгөн. Кудай жалгап, ага Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн жолдомону квота менен беришти. Эми биздин спортчу Рио оюндарына катышат", — деди Щербаков.
Июнь айында кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда өтүүчү лицензиялык үч мелдешке катышат.
Ошентип Рио оюндарына катышуу үчүн Кыргызстан 13 жолдомого ээ болду. Буга чейин спортчулар жолдомону жеңил атлетика, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс жана оор атлетика боюнча алышкан.