00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алматыдагы консулдук казак талааларында иштеген кыргыздардан кабар алды

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлмата шаары. Архив
Алмата шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы консулдуктун кызматкерлери Казакстанда иштеген кыргыздар жана аларды иш менен камсыз кылган казак фермерлер менен да жолукту.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Енбекшиказак районунун Шелек аймагынын талааларында иштеген КР жарандары менен жолугуп, турмушунан кабар алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сапар КР жарандарынын жашоо-шарты жана жумуш орду менен жакындан таанышуу максатын көздөйт. 

"Жолугушуу учурунда кыргызстандыктар эл аралык мыйзам ченемдери, негизинен Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу келишим тууралуу маалымат алышты. Мындан тышкары, мигранттар Казакстанда кездешкен көйгөйлөрү тууралуу айтышты. Консулдуктун кызматкерлери жарандарга укуктук жактан кеп-кеңештерин беришти", — деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен бирге консулдуктун кызматкерлери кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылган фермерлер менен жолукту. Мында дипломатиялык кызматкерлер КР жарандарына сый-урмат менен мамиле кылуу, алардын Казакстанда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга жардам берүү боюнча маселелер талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0