БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Алайдын Гүлчө айыл аймагындагы Жылы-Суу айылында жааган жамгырдын кесепетинен таш кулап, турак үйлөрдүн бирин тешип кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 18-майда кечки саат тогуздар чамасында болгон. Үй авариялык абалга жеткен. ӨКМдин маалыматында адам өмүрүнө зыян келген жок.
© пресс-служба МЧС КРАлайдын Гүлчө айыл аймагындагы Жылы-Суу айылында кулап калган таш
![Обрушение камней на дом в Алайском районе Ошской области Обрушение камней на дом в Алайском районе Ошской области - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102545/02/1025450245_0:0:800:601_600x0_80_0_0_49c7e3a666d5f7c7394933f9eca3e96a.jpg)
Алайдын Гүлчө айыл аймагындагы Жылы-Суу айылында кулап калган таш
© пресс-служба МЧС КР
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери 2004-жылы жаралган кооптуулуктан улам, бул үй-бүлөнүн башка аймакка көчүүсүн эскерткен.
Жабыркаган үйдүн жашоочулары азыр убактылуу жашап туруу үчүн кошунасынын бош турган үйүнө жайгаштырылды.