БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкек шаарынын борборундагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн айланасындагы фонтан комплексинин жаңы долбоору тааныштырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Долбоорду тааныштырган архитекторлор учурда фонтан начар абалга жеткендигин, бардык насостук станциялары эскиргендигин айтышты.
Эски фонтандын орду толугу менен жаңыланып, улуттук үлгүдөгү оймо-чиймелер, чуркап бараткан жылкылардын образы да берилет.
Жыйындын соңунда аймакты "Зеленстрой" менен бирге жашылдандыруу жана чирип калган мажүрүм талдарды аныктоо иштери жасалмакчы.