БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда "Элдик парламенттин" лидерлери камакка алынды. Аларга учурда бийликти күч менен тартып алууга даярдык көргөн деген айып тагылды.
"Элдик парламент" деген аталышына карабай, анын бир катар мүчөлөрү камакка алынып жана президенттин буркан-шаркан түшкөн сынына кабылгандан кийин гана элге кадимкидей таанылды. Ал эми эзелки бийлик учурунда ийгиликсиз реформалары менен аты тарыхта калгандар, кайрадан эске түштү.
Sputnik Кыргызстан агенттиги бийликке тиш кайрап чыккандар өздөрүнө кандай аталышты тандагандыгына көз чаптырып көрдү.
"Манастан Чубак кем бекен". Партиялардан кем калбайбыз деген башка оппозициялык бирикме, уюм, кыймылдар да "чыгармачылык дараметин" пайдаланышкан.
Мекен, Ата Журт. Ата мекенге байланышкан аталыштардын арбындыгын эске салсак. Саясатчылар же ага илешип жүргөндөр, бул сөздөрдү пайдалануу менен шайлоо учурунда агылган элдин добушуна ээ болуудан көп үмүт кылгандай.
Эгемендүүлүктүн алгачкы нуру чачырай баштаганда "Ата Мекен" партиясы пайда болгон. Анткен менен анын лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз саясий айдыңында айныбай саясатчы болуп келе жаткандардын ана башында турарын баары билсе керек. 2011-жылдан тарта Чиркешовичтин партиясы башкаруучу коалициянын катарында келе жатат.
Кыргызстанда канча "Кыргызстан" жайгашкан
Кыргызстан деген аталышты колдонгон партияларды манжа менен санап чыксак, бир топ ирет ачып-жумганга туура келет. 2005-жылы жана 2010-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган саясатчы оппозициячыл саясатчы Урмат Барыктабасов, 2004-жылдары Аскар Акаевге оппозиция катарында "Мекеним Кыргызстан" партиясын түзгөн. Бирок, көпкө турган жок…
2015-жылы парламентке дагы бир "Кыргызстан" аттуу партия өтүп, анын негиздөөчүсү жакында эле Жогогрку Кеңештин төралыгына ат салышып, өтпөй калган Канатбек Исаев.
Жакында эле Оштун шаардык кеңешинин шайлоосуна Барыктабасовго тиешеси жок деген "Мекеним Кыргызстан" деп аталган партия да катышты. Ал эми Балыкчы менен Караколдо "Улуу Кыргызстан" саясий биримдиги ат салышты.
Баары "фронттор" "үчүн" жасалганбы…
Бул уюмдар арасында "үчүн" жана "фронт" деген деген сөздөр көп кездешет. 2006-жылы "Реформа үчүн" кыймылы ал кездеги президент Курманбек Бакиевди анын ыйгарым укуктарын чектеген жаңы Конституцияга кол коюуга мажбур кылган. Бирок, оппозициячыларды ойнотуп, Феликс Кулов башында турган өкмөттү отставкага жиберип, жаңы Баш мыйзамды жазып, укуктарын кеңейтүүгө жетишкен. Мындан улам, Бакиевге каршы Кулов баш болгон оппозициячылар "Келечеги кең Кыргызстан үчүн" аттуу Бириккен Фронт менен каршы митингге чыккан. Ал ОМОН менен кууп таратылып, жаңы гана дайындалган премьер-министр Алмазбек Атамбаев аларды башаламандык менен тартипсиздикке күнөөлөгөн. Кийинчерээк, дагы бир уюм — "Элдик фронт" пайда болуп, өзүнөн мурдараак түзүлгөн алдыңкысынан анча айырмаланган жок.
Үч тамгалар: БЭК жана БОК… анан КГБ
2008-жылы ошол кездеги оппозиячы Азимбек Бекназаров "Бириккен Элдик кыймылды" жетектеди. 2010-жылдын жайында ал партияга өтүп, ошол жылдагы парламентттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтө алган жок.
Саясатчылар менен кошо журналисттер мындан бир нече жыл мурда кыскартылган сөздөр өзгөчө маанини берген уюм түптөгөн. Ал КГБ деп аталып, четтен караган, өзгөчө советтик мезгилдин адамдарына бир топ кызыгуу жараткан. Чечмелей келгенде, кыргыз гезиттер биримдиги деген түшүнүктү билдирген. Учурда бул биримдик да тыныгууга чыккандай…