БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Facebook социалдык баракчасында Кайгуул милициянын инспектору жол эрежесин бузган чет элдик жаранга туура эмес айып салган делген видео жарык көрдү.
Видеону Facebook социалдык баракчасына Дмитрий К. деп катталган интернет колдонуучу киргизген. Анын билдиришинче достору менен Ош — Бишкек жолу аркылуу борбор калаага келе жатышкан. Ал ортодо инспектор аларды жол эрежесин бузганы үчүн токтоткон.
Видеонун алдындагы текстте инспектор айып пулду банк картасы менен албастан, накталай төлөөгө мажбур кылган. Бирок, бул сөздөрдү тасмадан угууга мүмкүн эмес. Дмитрий К. сапарлашы милиция кызматкерине 50 доллар бергенин белгилейт.
Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Оторов бул факт боюнча кызматтык иликтөө болоорун билдирди. Анын айтымында милиция кызматкеринин күнөөсү далилденсе, инспектор жумуштан айдалышы мүмкүн.