ОШ, 23-май — Sputnik. Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн нөшөрлөгөн жамгырдан кийин кыян суу каптап кетти.
![Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн нөшөрлөгөн жамгырдан кийин кыян суу каптап кетти Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн нөшөрлөгөн жамгырдан кийин кыян суу каптап кетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102559/18/1025591808_0:155:1280:960_600x0_80_0_0_e5fc97ba51e8168be1b85684c9502284.jpg)
![Нөшөр шаардык каналдарды нугунан чыгарып, суу жолдор менен тротуарларга толуп калды Нөшөр шаардык каналдарды нугунан чыгарып, суу жолдор менен тротуарларга толуп калды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102559/19/1025591972_0:37:1279:842_600x0_80_0_0_078e845ed4d4ed1a84342cffd42585df.jpg)
![Кыян суудан улам, көчө боюнда жайгашкан дүкөндөрдүн эшигин ээлери мүшөктөр менен тосуп, агымды ал жакка киргизбегенге аракет кылышты Кыян суудан улам, көчө боюнда жайгашкан дүкөндөрдүн эшигин ээлери мүшөктөр менен тосуп, агымды ал жакка киргизбегенге аракет кылышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102559/20/1025592076_0:142:1280:947_600x0_80_0_0_4ee7861ccdc044fd5814c46c2f42d3e6.jpg)
![Алдын ала алынган маалыматтарда, борбордук — Курманжан датка, Ленин, Гапар Айтиев атындагы көчөлөрдү суу каптады. Алдын ала алынган маалыматтарда, борбордук — Курманжан датка, Ленин, Гапар Айтиев атындагы көчөлөрдү суу каптады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102559/18/1025591872_0:155:1279:960_600x0_80_0_0_cf4ffd4cdac64c5ab164c6899dca247c.jpg)
Нөшөр шаардык каналдарды нугунан чыгарып, суу жолдор менен тротуарларга толуп калды. Кыян суудан улам, көчө боюнда жайгашкан дүкөндөрдүн эшигин ээлери мүшөктөр менен тосуп, агымды ал жакка киргизбегенге аракет кылышты.
Алдын ала алынган маалыматтарда, борбордук — Курманжан датка, Ленин, Гапар Айтиев атындагы көчөлөрдү суу каптады.
Аталган министрликтин маалымат кызматы кечки саат 18.00 чамасында Араван, Курманжан датка, Курчатов, Калинин көчөлөрүндөгү, "Түштүк-Чыгыш" жана "Ак-Тилек" кичи райондордогу арыктардан суу ашып кеткендигин кабарлады.
Бул аймактардагы турак үйлөр жана бир катар короо-жайларды суу каптап, чакыруу менен келген куткаруучулар толуп сууну сордуруп, тазалап жатат.