БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жана анын "Тумар КР" тобу Англияда өткөн "Britain`s Got Talent — 2016" сынагынын финалына өтпөй калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине бийчи өзү билдирди.
Facebook баракчасында Өмүрзаков кайрат-дем берип турган бардык колдоочуларга ыраазычылык билдирген.
"Биз көптөгөн долбоорлор менен сынактарга катышып келебиз, бирок биринчи жолу жалпы колдоону сезип билдик. Президент Алмазбек Атамбаевге өзүнчө ыраазычылык билдиргим келет. Бул чынында жакшы көмөк болду, биз элибиз, мамлекетибиз да бизди колдой турганына ынандык. Ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, алдыны көздөй барууну уланта беребиз. Мында мамлекеттин колдоосу татаал жолду бир топ жеңилдетет", — деди Өмүрзаков.
Бийчи команда ушуну менен токтоп калбастан алдыга койгон максаттарына умтулууну уланта берерин убадалайт.
"Биз утулуп калганыбыз үчүн актанбайбыз, бирок интернеттеги Улуу Британия жашоочуларынын жана башка элдин сынактын жыйынтыгына болгон кыжырдануусу биз үчүн абдан маанилүү. Бул биз үчүн чоң жеңиш", — деди бийчи.
Эскерте кетсек, буга чейин Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу аталган телешоунун калыстар тобунун мүчөсү, продюсер Саймон Коуэлл менен келишим түзгөнү маалымдалган болчу.