БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бейшемби күнү Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды.
![Бейшемби күнү Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды Бейшемби күнү Ош шаарында 9-11-класстардын 6,5 миң бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102580/30/1025803093_0:41:1024:684_600x0_80_0_0_127a311435ea3ff752f7eb9709aa0dfe.jpg)
![Ош шаары боюнча 58,7 миң мектеп окуучусу бар Ош шаары боюнча 58,7 миң мектеп окуучусу бар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102580/30/1025803098_0:41:1023:684_600x0_80_0_0_58932cd660162a3355180a1b90378918.jpg)
![Алардын ичинен 4 миң 273ү 9-класстын, 2 миң 314ү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет Алардын ичинен 4 миң 273ү 9-класстын, 2 миң 314ү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102580/31/1025803116_0:41:1023:684_600x0_80_0_0_602ccd6c30e9031943dcd4d3baf1a40b.jpg)
![Олимп мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү бий боюнча флеш-моб уюштуруп, мектеп тууралуу ырларды ырдашты Олимп мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү бий боюнча флеш-моб уюштуруп, мектеп тууралуу ырларды ырдашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102580/31/1025803125_0:23:1023:666_600x0_80_0_0_55150ff6ce8d55346645b55ee74e8da5.jpg)
![Мугалимдерге ыраазычылык айтуу менен абага шарларды учурушту. Мугалимдерге ыраазычылык айтуу менен абага шарларды учурушту. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102580/31/1025803130_0:41:1023:684_600x0_80_0_0_ffb0e00a1d6623122b40b75d668069e7.jpg)
Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсановдун берген маалыматына караганда Ош шаары боюнча 58,7 миң мектеп окуучусу бар. Алардын ичинен 4 миң 273ү 9-класстын, 2 миң 314ү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет.
"Шаардын мектеп окуучулары аймактык жана республикалык деңгээлдеги олимпиадаларда жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, коомдук иштерге да активдүү катышат", — деп билдирди Кимсанов.
"Олимп" мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү бий боюнча флеш-моб уюштуруп, мектеп тууралуу ырларды ырдашты. Мугалимдерге ыраазычылык айтуу менен абага шарларды учурушту.
Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чара №12 мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген бүтүрүүчүлөр үчүн дагы өткөрүлдү. 8-класстын бүтүрүүчүлөрү мугалимдерине мектеп вальсын бийлеп беришти.