БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кадамжайда сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, куткаруучулар издөө иштерин башташты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
![Кадамжайда сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, куткаруучулар издөө иштерин башташты Кадамжайда сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, куткаруучулар издөө иштерин башташты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102585/43/1025854356_0:0:2146:1349_600x0_80_0_0_6fb1ad4764b9d4c5095438397b1a413e.jpg)
![Эскерте кетсек, кечээ, 27-май күнү Жийделик участкасында тынбай жаан жаап катуу, сел жүргөн Эскерте кетсек, кечээ, 27-май күнү Жийделик участкасында тынбай жаан жаап катуу, сел жүргөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102582/86/1025828674_160:0:2307:1349_600x0_80_0_0_d4c4757b7feecd302486a7fec0608063.jpg)
![Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, бир машина сайга кулап кеткен Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, бир машина сайга кулап кеткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102582/62/1025826281_43:0:2190:1349_600x0_80_0_0_0ad00b000cbb2c735674a794068b6fb8.jpg)
![Ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102582/78/1025827879_253:0:2400:1349_600x0_80_0_0_1c9476b1440221f0f46104cc066c7f05.jpg)
Эскерте кетсек, кечээ, 27-май күнү Жийделик участкасында тынбай жаан жаап катуу, сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, бир машина сайга кулап кеткен. Ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Дагы бир алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн.
Маалыматка ылайык, унаадагылар бири-бирине тууган адамдар экени айтылууда.
"Жергиликтүү элдин айтуусу боюнча унаа ичинде дагы үч жаштагы бала болгон. Ал бала-бакчадан 27-май күнү түштөн кийин чыгып кеткен деген маалымат бар. Жоголгон баланы издөө иштерине 48 куткаруучу тартылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда кырсык болгон жерде ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге көзөмөл кылып жүрүшөт.