БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандык Антонина Шевченко Швецияда өткөн тай боксу боюнча турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
IFMA World Muaythai Championship 2016 турнири Шведциянын Йенчепинге шаарында өтүп, анда кыргызстандык Рафаэль Физиев коло утса, Мирбек Сарткалмаков күмүш тагынды.
Кыргызстандык Антонина Шевченко Перунун атынан чыгып, финалдык таймашта Россиялык Светлана Винникованы утуп алды.
Бул анын дүйнөлүк мелдеште тагынган төртүнчү алтын медалы.