БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы жарык көргөндүгү тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда китеп илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жарык көргөн.
"Энциклопедияда улуу манасчынын өмүр баяны менен чыгармачылыгы, ал жөнүндө ой-пикирлер жана документтер кеңири камтылган", — деп айтылат маалыматта.
Энциклопедия 500 нускада чыгып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Самат Ибраев менен коомдук ишмер Болот Берикбаев тарабынан каржыланган.