БИШКЕК, 30-май — Sputnik. WhatsApp 109 өлкөдө Android базасында пайдаланылган популярдуу тиркеме болуп саналат. Бул тууралуу Similarweb компаниясынын аналитикалык изилдөөсүндө белгилүү болду
187 өлкөнүн пайдалануучуларын иликтеген компания аталган мамлекеттердеги популярдуу тиркемелерди тизмектеп чыкты. Натыйжада Facebook АКШ, Канада, Австралия, Франция жана Норвегияда кеңири пайдаланылары аныкталган.
Популярдуу тиркемелердин алдыңкы үч сабын Telegram жыйынтыктайт. Эл аралык чалуулар үчүн аталган тиркеме 15 мамлекетте иштейт, анын арасында коңшу Өзбекстан да бар.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан менен Казакстанда WhatsApp кеңири тараган, Өзбекстанда Telegram болсо, Тажикстанда Viber популярдуу болуп саналат.