Биринчи маселе бирдиктүү темир жол тарифин кабыл алуу. Исаков КР транспорт министрлиги кесиптештери менен жакын арада бул маселелерди иштеп чыгарын, андан кийин бирдиктүү темир жол тарифи кабыл алынарын айтты.
Экинчи маселе — Казакстандын аймагына картошканын киргизилишине коюлган тыюуну алуу. КР президентинин өтүнүчүнөн кийин казак президенти Нурсултан Назарбаев жыйында тийиштүү органдарга тапшырма берген.
Үчүнчү маселе — Россиядан Кыргызстанга транзит аркылуу келүүчү товарларга атайын экономикалык чараларды киргизүү. Бул маселеге да принципиалдуу макулдук берилген. Жакын арада товардын транзитине бардык чектөөлөрдү алуу боюнча тийиштүү чаралар Кыргызстан тараптан дагы көрүлөт.