БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкек гарнизонундагы милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерди. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Жунушалиев эки күн мурун министр болуп дайындалган. Ал эми мурунку ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев жумуштан алынган.
![Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкек гарнизонундагы милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерди. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкек гарнизонундагы милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102613/04/1026130448_0:39:1023:683_600x0_80_0_0_e52e793699d63523650ac009f42519b1.jpg)
![Жунушалиев эки күн мурун министр болуп дайындалган Жунушалиев эки күн мурун министр болуп дайындалган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102613/04/1026130453_0:39:1024:683_600x0_80_0_0_55e9000cff5ead188e1701fb9d9ba80a.jpg)
![Иш-чара учурунда 2300 милиция кызматкери жана 290 атайын унаа тартылды. Иш-чара учурунда 2300 милиция кызматкери жана 290 атайын унаа тартылды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102613/04/1026130471_0:39:1023:683_600x0_80_0_0_3b05b6e6d16ec918d47da8e2e6c0a541.jpg)
![Саптык тизим убагында унаалар текшерилип, аларга карата транспорттук кароо өткөрүлдү. Саптык тизим убагында унаалар текшерилип, аларга карата транспорттук кароо өткөрүлдү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102613/04/1026130459_0:39:1023:683_600x0_80_0_0_b27a2569ff05deb6a12771148cbbe017.jpg)
![Гарнизондук саптык тизимдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кызматкерлери абалды жөнгө салышты. Гарнизондук саптык тизимдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кызматкерлери абалды жөнгө салышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102613/04/1026130465_0:39:1024:683_600x0_80_0_0_d08248ce66cb3c47467ca4efd58b9590.jpg)
"Гарнизондук саптык тизим Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын утурлай өттү. Иш-чара учурунда 2300 милиция кызматкери жана 290 атайын унаа тартылды", — деп айтылат маалыматта.
Саптык тизим убагында унаалар текшерилип, аларга карата транспорттук кароо өткөрүлдү.
"6-7-июнда Патрулдук милиция кызматкерлери ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, баңгизат каражаттарын, экстремистик мүнөздөгү адабияттарга жол бербөө үчүн транспорттук каражаттарды текшерүүгө алат", — деп белгилейт маалымат кызмат.
Мындан тышкары, гарнизондук саптык тизимдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кызматкерлери абалды жөнгө салышты.