БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынын катчысы Максат Атабаев билдирди.
Муфтияттын маалымат кызматынан билдиргендей, мусулмандар жогоруда көрсөтүлгөн сумманын каалаганын тандаса болот, бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүү үчүн эң жогорку баа менен битир берүү каралган.
"Рамазан айында ар бир колунда бар адам шариат боюнча садага берүүгө милдеттүү. Алар өз ыктыяры менен жакырларга жогоруда көрсөтүлгөн өлчөм менен же көңүлүнөн чыккан жардамын берсе болот", — деп билдирди Атабаев.
Анын айтымына караганда чогулган каражаттын 20 пайызы муфтиятка, калган 80 пайызы облустук казыяттарга, райондук хатибияттарга жана жергиликтүү мечиттерге калат.
"Орозо айы бүткөндөн кийин атайын комиссия түзүлөт. Ал жакка жардамга муктаж адамдар же дарыланууга каражаты жоктор келип документтерин көрсөтүп катталышат", — деп билдирди Атабаев.
Ал чогулган каражат комиссия түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде муктаждарга таратылып берилерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, өткөн жылы рамазан айында республика боюнча 31 миллион сом чогулган. Ал эми быйыл орозо 6-июнда башталмай болду.