Бүгүн Sputnik Кыргызстан үлкөн жазуучунун соңку күндөрүнөн алынган сүрөттөрдү тартуулайт.
Бул сүрөттөр 2008-жылы классик жазуучу дүйнөдөн өтөр жылы, кыш күндөрү тартылыптыр. Ал туурасында фотограф Александр Федоров төмөнкүчө эскерди.
"Айтматов менен аны сүрөткө тартуу боюнча макулдаштык. Чынын айтсам, бул ниетибиздин ишке ашарына шексинип турдум. Себеби, колу бош эмес, иши абдан көп, анан мындай үлкөн адам болсо… Бир күнү чалып, убакыт бөлө тургандыгын айтты. Биз Алимжан Жороев экөөбүз учкан тейде студияга жетип, баарын даярдап, күтүп отуруп калдык. Ал бир аздан кийин уулу Элдар менен келди. Кофе ичип, аркы-беркини сүйлөшүп, эски сүрөттөрдү барактадык. Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду. Анан сүйлөшүп, баарыбыздын сүйүктүү жайыбыз — "Дзержинкага" барууну сунуштадык!" — деп эскерди Федоров.
Бүгүн, 10-июнда кыргыз коомчулугу, чыгармаларын сүйүп окугандар Чыңгыз Айтматовду дагы бир эскерип, анын чыгармаларын, каармандарын жана инсандыгын эстешет.
Ал эң көп окулган жазуучулардын бири, китептери 180ге жакын тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан.
![Мындан 8 жыл мурда кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон айрылган. Залкар инсан Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган... Мындан 8 жыл мурда кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон айрылган. Залкар инсан Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган... - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102637/77/1026377773_0:0:2000:1723_600x0_80_0_1_cbea83d75b5993489dd976bc5760da8b.jpg)
![Жазмыш, мезгил аны бизден канчалык алыстаткысы келген менен биз түбөлүктүүлүктүн түркүгүн жараткан бул генийге улам жакындап, улам тартылуудабыз Жазмыш, мезгил аны бизден канчалык алыстаткысы келген менен биз түбөлүктүүлүктүн түркүгүн жараткан бул генийге улам жакындап, улам тартылуудабыз - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102637/77/1026377778_0:0:2000:1454_600x0_80_0_1_b9b4bae3215fc6e70aaedd40250332ef.jpg)
![Акыркы фото сессиядан... Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду, — деди сүрөтчү Александр Федоров Акыркы фото сессиядан... Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду, — деди сүрөтчү Александр Федоров - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102637/77/1026377783_0:0:2476:1964_600x0_80_0_1_0c41e7be1ddacd1a6a938e297fcac3c6.jpg)
![Бул биздин сүйүктүү Чыңгыз абабыздын акыркы фото сессиясы, акыркы кышы экендиги эч кимдин оюна келген эмес. Калдайган карааны менен акыркы ирет Бишкектин бульварын аралап, акыркы ирет кол тамгасын жазып... Бул биздин сүйүктүү Чыңгыз абабыздын акыркы фото сессиясы, акыркы кышы экендиги эч кимдин оюна келген эмес. Калдайган карааны менен акыркы ирет Бишкектин бульварын аралап, акыркы ирет кол тамгасын жазып... - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102637/82/1026378215_0:0:2000:1397_600x0_80_0_1_461bbad0f546a255ca00ca12875dba8b.jpg)
![Чыңгыз Айтматов уулу, көкүрөк күчүгү Элдар менен. Аккан арыктан суу агаар бекен?.. Чыңгыз Айтматов уулу, көкүрөк күчүгү Элдар менен. Аккан арыктан суу агаар бекен?.. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102637/82/1026378220_0:0:2000:1277_600x0_80_0_1_39cad3613c265fe676d24721e71c7a47.jpg)
![Сессия учурунда бир өспүрүм кайдан-жайдандыр жазуучунун китебин алып күйүгө чуркап келип, ага Айтматов каалоосун жазып, кол тамгасын калтырды. Сессия учурунда бир өспүрүм кайдан-жайдандыр жазуучунун китебин алып күйүгө чуркап келип, ага Айтматов каалоосун жазып, кол тамгасын калтырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102637/82/1026378226_0:0:2000:1297_600x0_80_0_1_a7e0ba4cc65d1522eac2c207105e4d14.jpg)
![Кандай бактылуу ирмемдер, кандай сыймык! Чыңгыз абанын колун кармап, ага жанаша туруп ким эле сүрөткө түшүп жатыптыр. Бул сүрөт мага эстелик болот, — деди оң жакта турган жигит кудуңдап Кандай бактылуу ирмемдер, кандай сыймык! Чыңгыз абанын колун кармап, ага жанаша туруп ким эле сүрөткө түшүп жатыптыр. Бул сүрөт мага эстелик болот, — деди оң жакта турган жигит кудуңдап - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102637/82/1026378232_0:0:2000:1268_600x0_80_0_1_ca8268b3efd05b588f5b04e06a7c63c4.jpg)
![Калемдин чебери кыл калемдин чеберлеринин эмгегине көз салып жатканда. Жашоону сүйгөн, тоолорду сүйгөн, ааламды алаканга салган Айтматов Калемдин чебери кыл калемдин чеберлеринин эмгегине көз салып жатканда. Жашоону сүйгөн, тоолорду сүйгөн, ааламды алаканга салган Айтматов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102637/82/1026378239_0:0:2000:1308_600x0_80_0_1_6969f9d8f84669db6383eb0961c7eb04.jpg)
![Гений художниктер менен бир теманы талкуулап, өзүнө таандык кадимки каадасы, уюп турган бир сөөлөтү менен аларга сүйлөп жатты... Гений художниктер менен бир теманы талкуулап, өзүнө таандык кадимки каадасы, уюп турган бир сөөлөтү менен аларга сүйлөп жатты... - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102638/06/1026380617_0:0:2000:1272_600x0_80_0_1_6d2e8aa59d2a7c762fb6b6d4b83401c6.jpg)
![Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы сүрөт галереянын жанында жазуучунун пайда болушу, образдуу айтканда, майрамга айланды Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы сүрөт галереянын жанында жазуучунун пайда болушу, образдуу айтканда, майрамга айланды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102638/06/1026380622_0:0:2000:1339_600x0_80_0_1_273e9d0aaa72b4cfaafd772941b3546a.jpg)
![Жаз келгенде тоого чыгып, жоогазындар гүлдөгөн маалда дагы сүрөткө тартуу пландалган... Бирок улам бир жагдайлар болуп, Чыңгыз Төрөкулович 80 жылдык юбилейге даярданып, фотосессиянын сааты чыкпай калды... Жаз келгенде тоого чыгып, жоогазындар гүлдөгөн маалда дагы сүрөткө тартуу пландалган... Бирок улам бир жагдайлар болуп, Чыңгыз Төрөкулович 80 жылдык юбилейге даярданып, фотосессиянын сааты чыкпай калды... - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102638/06/1026380630_0:0:2000:1339_600x0_80_0_1_0174e4a2f56912c5a6030a6bb6cf4d5d.jpg)
![Чыңгыз Айтматов өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык. Тирүү болгондо ал быйыл 88 жашка чыкмак. Чыңгыз Айтматов өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык. Тирүү болгондо ал быйыл 88 жашка чыкмак. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102638/06/1026380635_0:0:1409:2000_600x0_80_0_1_9e74cca1685b7899a9b0904864910a2a.jpg)