БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. ИИМдин Маңзатты сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Келечек" жаңы конушундагы 48 жаштагы тургундун үйүнөн 2 килограмм 135 грамм героин табышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча маңзатты мыйзамсыз сактоо боюнча кылмыш иши козголду.
Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмү чогултулган материалдары тийиштүү жактарга берилди.