БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Эркиндик" бульвары менен Тоголок Молдо гүл багындагы балдар аянтчаларын оңдоп чыгышты. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, селкинчек, жылгаяктар, турниктер алмаштырылып, аттракциондордун бардыгы сырдалды.
"Эркиндик" бульварында Бөкөнбаев, Токтогул, Киев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги төрт, ал эми Тоголок Молдо көчөсүндөгү скверинде бир аянтча оңдолду.