БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Англиянын футбол боюнча курамасы Европа чемпионатынын алкагындагы биринчи турда бир да жолу жеңишке жеткен эмес.
Англия бул жолу да салтын улай Евро-2016 чемпионатынын биринчи турунун алкагында Россия менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Беттеште англиялык Эрик Дайер менен Василий Березуцский мыкты аталышты.
![Англия Евро-2016 чемпионатынын биринчи турунун алкагында Россия менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Англия Евро-2016 чемпионатынын биринчи турунун алкагында Россия менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102644/04/1026440486_0:0:2555:1605_600x0_80_0_0_87ddf63b412acb2e35cabf1060ce928f.jpg)
![Беттеште англиялык Эрик Дайер менен Василий Березуцксий мыкты аталышты. Беттеште англиялык Эрик Дайер менен Василий Березуцксий мыкты аталышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102644/04/1026440409_0:0:2199:1382_600x0_80_0_0_5746a91ec2f323c4195184f4e740ef9c.jpg)
![Англиялык Эрик Дайердин голу Англиялык Эрик Дайердин голу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102644/01/1026440169_0:0:3115:1958_600x0_80_0_0_eeeb744a03a3c7a1e65b37a9d710e4a7.jpg)
![Россиялык футболист Василий Березуцскийдин голу Россиялык футболист Василий Березуцскийдин голу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102644/02/1026440249_0:295:2789:2048_600x0_80_0_0_9aadc09e775918d6b4de69621e0d34b3.jpg)
Англия ушуну менен тогузунчу ирет турнирдин тандоо турунан өтүп, тайпа ичинде беттеш өткөрүүдө. Буга чейинки оюндардын төртөөсүндө жеңилүү ызасын тартса, төртөөсүндө тең чыккан.
Англия үчүн ийгиликтүү деп эсептелген 1968чи, 1996-жылдардагы турнирлерде дагы алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тарткан. Эске сала кетсек Англия бул жылдары Европа биринчилигинде үчүнчү орунду элеген.
Белгилей кетсек, эки команда буга чейин Евро-2008 турниринин тандоо турунда беттешкен. Алгачкы оюнда Англия 3:0 эсебинде жеңишке жетсе, экинчи беттеште 1:2 эсебинде Россияга утулган. Аталган турнир Россия үчүн ийгиликтүү болуп, футболчулар коло медаль тагынышкан.
Эгерде тарыхты карай турган болсок, 1968-жылы СССР курамасы менен Англия кезигип, оюн 0:2 эсебинде англиялыктардын пайдасына аяктаган.