БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эң чоң портретин String Art ыкмасы менен тартып жатканын "Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, портреттин өлчөмү — узундугу 2,5 метр, туурасы 1,25 метрди түзөт.
![Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун String Art ыкмасы менен тартылып жаткан эң чоң портрети. Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун String Art ыкмасы менен тартылып жаткан эң чоң портрети. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102645/08/1026450828_0:0:1031:648_600x0_80_0_0_a5338d29e1a306119d8760de1dbb1774.jpg)
![Анын автору Улуу Кыргыз изи долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев Анын автору Улуу Кыргыз изи долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102645/08/1026450836_0:116:1032:763_600x0_80_0_0_d6dfbfdbd6c33bc30f3eaa61f3cf62df.jpg)
![Портреттин өлчөмү — узундугу 2,5 метр, туурасы 1,25 метрди түзөт. Портреттин өлчөмү — узундугу 2,5 метр, туурасы 1,25 метрди түзөт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102645/08/1026450841_0:98:1031:747_600x0_80_0_0_2402db176538fbfa5f6752aedc6fbb83.jpg)
"Бул сүрөттү "Тарых жана маданият" жылын утурлай жасап жатам. Чыңгыз Айтматовдун элеси буга чейин мынчалык чоң көлөмдө тартылып, жасалган эмес. Мен мык жана жиптин жардамы менен улуу жазуучунун эң чоң портретин жасап жатам", — дейт ал.
Ал ошондой эле улуу жазуучунун сүрөтүн даярдоого канча мык жана жип кеткенин эсептебегенин кошумчалады.
2016-жылы март айында Мамлекеттик желектин күнүнө карата студенттер мык жана жиптен Кыргызстандын желегин жасашкан. Аны даярдоого 13 миңдей мык жана 20 чакырымдай жип кеткен. String art ыкмасы менен жасалган желек аукциондо 75 миң сомго сатылып, ал акча балдар үйлөрүнүн бирин оңдоого жумшалган.