00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эски үйлөр кандайча түрттүрүлөт? 10 суроо-жооп

Жазылуу
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, калаанын борборундагы эски имараттар кантип жо кылынат? Компенсация маселеси эмне болот? Үйдү түрттүрүү боюнча чечимдин үстүнөн арызданууга болобу? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

"Ата Мекен" фракциясы Бишкектин борборунда жайгашкан эски имараттарды түрттүрүп, ордуна заманбап курулуштарды куруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Анткен менен аталган демилгеге нааразы болгондор арбын. 

Аталган мыйзам долбоору боюнча көп берилчү суроолорго демилгечилер жооп беришти. 

Эмне үчүн эски имараттарды түрттүрүү керек?

Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар аскер кызматкерлерине үйлөрдү биротоло берүүгө макул болгон жок
Эски үйлөрдү Бишкек шаарынын тарыхый борборунун көрүнүшүн жаңылоону тездетүү үчүн бир түрдүү жана комплекстүү архитектуралык стилди сактоонун негизинде жаңы заманбап имараттардын курулушун тартипке келтирүү максатында түрттүрүлөт. Шаарда самандан салынган үйлөрдү кездештирүүгө болот. Бул инвесторлорду тартууга тоскоолдук жаратууда. 

Кайсыл аймактагы эски имараттарды түрттүрүү сунушталууда?
Жалпы аянты 1,5 гектарды түзүп, Карпинский, Линейный көчөлөрү, Жибек-Жолу проспектиси жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелет. Аталган аймактагы 1996-жылга чейин курулган эски үйлөр, имараттар түрттүрүлөт. Ал эми үй ээлерине компенсация төлөнөт. 

Демилгечи ким?
Мыйзам долбоору "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттары тарабынан иштелип чыккан. Эски имараттарды түрттүрүү демилгеси Бишкек мэриясына жана Бишкек шаардык кеңешине таандык. 

Бааны ким бычат?
Мамлекеттик атайын органдар жана көз карандысыз риэлтордук компания баалайт. 

Компенсацияны ким төлөйт?
Мамлекеттик же жергиликтүү бюджет. Мындан сырткары, жерди сатып алуу укугуна ээ болгон инвестор.

Түрттүрүүгө Ак үй менен музейлер туш болобу?
Жок. Тизмекке маданий мурастар, тарыхый эстеликтер, театр, музейлер, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги имараттар кирбейт. 

Чечимдин үстүнөн арызданууга болобу?

Ачкыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч манасчы үч бөлмөлүү батир менен сыйланды
Ооба. Эгерде компенсациянын баасы жер ээсин канааттандырбаса, сотко кайрылса болот. 

Түрттүрүлө турган объектилердин тизмегин ким түзөт?
Бишкек шаарынын башкы планынын негизинде атайын комиссия аныктайт. Андан соң мэрия тизмени шаардык кеңешке жиберет.

Менин үйүм тизмеге кирген-кирбегенин кантип билсем болот?
Мэрия тизмекти ММКлар аркылуу жарыялайт. 

Кайсыл учурда компенсация төлөнбөйт?
Эгерде менчиктин кайсыл бир бөлүгүнө мамлекет ээлик кылса, ошол бөлүккө акча төлөнбөйт. 

Эске сала кетсек, мыйзам долбоору парламентте талкууга алына элек. Азырынча коомдук талкууга гана коюлду.

Депутаттар түрттүрүүгө сунуштап жаткан эски үйлөрдүн картасын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0