БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өкмөт селден жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарына жайкы эс алуу уюштура тургандыгын маалымат кызматы билдирди.
Жайкы лагерге үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Баткен облусундагы Кадамжай району менен Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда болгон сел кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары барышат.
Маалыматка караганда Кыргызстандагы жайкы лагерлерге аталган аймактардан 65 өспүрүм жөнөтүлөт.