БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. СССР Эл артисти, КР Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаеванын 80 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтөрүн Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 20-июнда Абдылас Малдыбаева атындагы опера жана балет театрында өтөт.
Кечеде Сартбаева эл аралык спектаклдерден ария, Европа жана улуттук классикадан жана кыргыз, орус композиторлорунун чыгармаларын аткарат.
![Солистка Киргизского академического театра оперы и балета Сартбаева Солистка Киргизского академического театра оперы и балета Сартбаева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102654/70/1026547072_0:0:1510:2048_600x0_80_0_0_3297c68d9c87e6b1454effcc0c7f4ed4.jpg)
Бул иш-чара театр сезонун жыйынтыктоочу иш чаралардын бири болуп эсептелет.
Сартбаева Кайыргүл 1936-жылы Чүй облусунун Кемин районунда төрөлгөн. Ал классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды аткарган. Анын ичинен "Манас" операсында Каныкейдин, "Айчүрөктө" Айчүрөк, Калыйман, Келин жана башкалардын образдарын жогорку чеберчиликте тартуулаган.