БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы камтылган энциклопедиянын бет ачары болду. Бул тууралуу Илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага окумуштуулар, президенттин аппаратынын өкүлү, жазуучулар, манасчылар жана окутуучулар катышкан.
© Фото / пресс-служба академии наук КРУлуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы камтылган энциклопедия
Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы камтылган энциклопедия
© Фото / пресс-служба академии наук КР
"Энциклопедияда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы, ал жөнүндө ой-пикирлер, документтер кеңири камтылган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, энциклопедияда "Манас" эпосу жана дүйнө элдеринин эпикалык мурасы, Каралаевдин варианттарындагы педагогикалык көз караштар, изилдөөчүлөрдүн аты-жөнү менен өзгөчөлүктөрү, кол жазмалар фондусундагы Каралаевден жазылып алынган материалдар жана башка маалыматтар чогултулган.
Иш-чаранын алкагында Саякбай Каралаев жөнүндө документалдуу фильм көрсөтүлүп, “Манас” эпосунан үзүндүлөр аткарылды.