БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Депутаттарга берилүүчү артыкчылыктарды кыскартуу максатында иштелип чыккан депутаттардын кызматтык батирден баш тартуу мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Добушка кайрадан коюу чечимин ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алды.
Мыйзам долбоору "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаттарына таандык. Ага ылайык, депутаттардын кызматтык батири алынып, ижарага алган үйү үчүн компенсация төлөнбөйт. Эл өкүлдөрү автобустарда бекер жүрө албай, өлкө аймагына чыкканда унаа бөлүнбөй калат.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш буга чейин кызматтык унаалардан жана бир жардамчыдан баш тартуу мыйзамын кабып алган.
Белгилей кетсек, экс-депутаттар Ашэра Халикова менен Акылбек Султановдор кызматтык батирлерин тапшырган.
Кызматтык батир алган депутаттардын тизмегин жана добуш берүүнүн жыйынтыгын төмөнкү макаладан окуңуздар.