БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдык мааракесине арналган акындын обондуу ырларынан түзүлгөн кайрымдуулук концерти өтөт. Бул туурасында акындын кызы Нургүл Кожомбердиева кабарлады.
![Поэт и лирик Турар Кожомбердиев Поэт и лирик Турар Кожомбердиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102683/91/1026839159_0:0:800:1208_600x0_80_0_0_f8e1ef20f383fecced0a9f01b5a21d46.jpg)
Концерт акындын 75 жылдык юбилейинин алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын бири.
"Концерттен түшкөн каражат акындын 75 жылдык мааракесин өткөрүүгө, Кожомбердиев атындагы сыйлыкты уюштурууга, китептерин чыгарууга жана туулган айылы Сары-Булактагы үй-музейин тургузууга жумшалат", — деди Кожомбердиева.
Турар Кожомбердиев кыргыз акындарынын арасынан темаларынын түбөлүктүүлүгү, философиялык ой чабытынын тереңдиги менен окурмандарды тарткан кыргыз акындарынын алдыңкы сабында турат.
Ал Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулуп, 1989-жылы 48 жашында каза болгон.