БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынан жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарактын топтому табылып, үй ээси кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тургун үйүндө курал-жарак сактай турганы боюнча ыкчам маалымат келген. 24-июнда атайын операция жүргүзүлгөн.
"Жалал-Абад ОИИБдин изкубарлары "Бандит" операциясы учурунда Майлуу-Суу шаарынын 1953-жылы туулган тургунунун үйүнөн күбөлөрдүн катышуусунда, облустук соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзгөн учурда куралдардын топтому табылды", — деп айтылат маалыматта.
Милиция "ТОЗ" үлгүсүндөгү бир нече курал — тапанча, окторду таап чыгып, учурда тергөө амалдарын баштады.