00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:07
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абдрахматов: кечээтен бери жүз жолу жер титиреп, бирок анын 10 гана байкалды

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмограф аппаратында катталган жер титирөөлөр. Архив
Сейсмограф аппаратында катталган жер титирөөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдрахматов кийинки жер титирөө качан жана кайсыл жерде болорун так айтуу мүмкүн эместигин, бирок божомолдогондо жердин силкинүүсү Кытай, Тажикстанга тарапка ооп баратканын билдирди.
Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кечээги күндөн бери Кыргызстанда жүзгө чукул жер титирөө катталды. Алардын ичинен кубаты 7 баллга чейин жеткени 10 жолу кайталанса, калганын атайын прибор менен гана байкоого болот. Бул боюнча Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди. 

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда бир сутка ичинде жети ирет жер титирегенин, акыркысы бүгүн саат 8.32де катталганын билдирген.

"Кечээтен бери болуп жаткан майда жер титирөөлөрдүн саны 100дөн ашып кетти. Бирок буларды карапайым кишилер сезбейт, аны атайын приборлордун жардамы менен каттап жатабыз. Булардын кооптуулугу эң эле төмөн, анын эч кимге деле зыяны жок. Ал эми катуураак жер 10 ирет силкинип, алардын күчү 2-3 баллдан тарта 6-7ге жетти", — деди Абдрахматов.

Ал майда жер силкинүүлөрү болуп турганы ири зилзаланын чыңалуусун таратып тургандыгын кошумчалады. 

Япониядагы жер титирөөдөн 361 тарыхый-маданий жай жабыркаган
Абдрахматов кийинки жер титирөө качан жана кайсыл жерде болорун так айтуу мүмкүн эместигин, бирок божомолдогондо жердин силкинүүсү Кытай, Тажикстан тарапка ооп баратканын билдирди. 

"Эгерде 1-2 айдын арасында катуу жер титирөө болсо, ал Кытайдын же Тажикстандын аймагында болушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Себеби, сейсмикалык процесстин өзүнүн дареги болот, ошол багыт менен уланса, бул силкинүүлөр аталган өлкөлөрдүн дарегине ооп бара жатат десек болот", — деди ал. 

Башкы сейсмолог өлкөдө быйыл зилзала кооптуулугу жоктугун, ал эми келерки жылы сейсмикалык активдүүлүк күчөрүн айтты. 

"2016-жылы Кыргызстандын аймагы тынч эле болот, ал эми 2017-2018-жылда сейсмикалык активдүүлүк күчөйт деп божомолдоп жатабыз. Кошумча маалыматтар пайда болсо, кабар беребиз", — деди Абдрахматов.

Маалыматка ылайык, силкинүүлөр кечки саат 5.17ден Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында 3-4,5 балл, Ош облусунда 4-6, Баткенде 3-5 баллдык болуп сезилген.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0