Мадыл асыроочу жайга түнөгөндөн кийин, адам колуна кадыресе көнө түшкөнүн байкоого болот.
Адистердин айтымында, жаныбарды Ысык-Көлдөгү реабилитация борборун жеткиришет. Ал жерден ирдентип алган соң, мадылды буга чейин жашап жүргөн аймагына коё беришет.
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Кочкор районун Дөң-Алыш айылында 4-класстын окуучусу Эмил уулу Мырзабек иттердин жардамы менен мадыл кармап алып, аны жергиликтүү мергенчиге алып келип бергени айтылган. Аңчы аны мектептин зоологиялык музейине өткөрүп берген. Капаска камалган жапайы жаныбар алсырап, жүдөп кеткенден кийин аны коё берип жиберишкен. Бишкектен шашылыш жетип барган адистер сейрек кездешкен мадылды тирүү таап алганга үлгүрүшкөн.