БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргыз эл сүрөтчүсү, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Турсунбек Койчиев дүйнө салганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Койчиев 1-июлда 75 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Белгилей кетсек, ал 1941-жылы 14-октябрда Чүй облусундагы Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган. 1958-жылы Фрунзедеги сүрөтчүлөр училищесина тапшырып, аны 1963-жылы аяктаган.
![Народный художник республики Турсунбек Койчиев Народный художник республики Турсунбек Койчиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102726/12/1027261212_0:0:1000:1456_600x0_80_0_0_915826c93fc01d27cc0508da4e52f546.jpg)
Койчиев көп жылдар бою "Кыргызстан" жана "Мектеп" басма үйлөрүндө сүрөтчү болуп иштеген.
Анын 10дан ашык эмгектери Казакстан, Россия, АКШ, Түркия сыяктуу мамлекеттердин башчыларына тартууланган.
2007-жылы Кыргыз эл сүрөтчүсү наамын алган.
Койчиев менен коштошуу зыйнаты 3-июлда Гоголь жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши жакта өтөт, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.