БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Казакстан менен кесилишкен Чоң-Капка аймагынан билдирди.
![Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102728/37/1027283713_0:155:1279:960_600x0_80_0_0_458c876320df25240673790dbe235dd6.jpg)
![Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон долбоорунун алкагында өтүүдө Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон долбоорунун алкагында өтүүдө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102728/39/1027283934_0:55:1280:860_600x0_80_0_0_56c54de458dbd3679e417525d2ac6f08.jpg)
![Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102728/38/1027283861_0:155:1279:960_600x0_80_0_0_8de8420e0c1bcd1a6d7bdb7f870f96f1.jpg)
Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары (Dean Karnazes) Борбордук Азиядагы үч өлкө — Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан "Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" долбоорунун алкагында өтүүдө.
"Карнасис чек арадан чуркап өттү. Аны кыргыз каадасы — боорсок, сары май менен тосуп алышты. Көзөмөл пунктунан ага кыргыз күйөрмандар кошулуп, Кызыл-Жылдыз айылына чейин чуркап бармай болушту", — деди кабарчы.
Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет. Ал эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы.
"7-июлда Шопоков шаарына келсе, эртеси Бишкекте болот. Аны АКШ элчилигинин эки унаасы коштоп жүрөт. Анда спортчунун саламаттыгына көз салган дарыгерлер менен бардык тийиштүү жабдуулар бар", — деди журналист.
Иш-чараны АКШнын аталган үч өлкөдөгү элчиликтери уюштуруп, ал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат.
Дин Карнасис алыскы аралыкка чуркаган дүйнөдөгү белгилүү жөө күлүктөрдүн бири. Эң эсте каларлыгы — ар бири 42 чакырымдан болгон 50 марафонду АКШнын 50 штатында 50 күн катары менен чуркап өтүшү.
Мындан тышкары, 2005-жылы Түндүк Каролинада уйку көрбөй 560 чакырымды 80 саат 44 мүнөттө чуркап өткөн.