БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Франциянын Марсель шаарындагы "Велодром" стадионунда Германия менен Франциянын командалары беттешип, оюн 2:0 эсебинде франциялыктардын пайдасына ооду.
Оюнда Франция курама командасынын оюнчусу Антуан Гриманн катары менен эки гол киргизип өзгөчөлөнө алды.
![Франциянын Марсель шаарындагы Велодром стадионунда Германия менен Франциянын командалары беттешип, оюн 2:0 эсебинде франциялыктардын пайдасына ооду. Франциянын Марсель шаарындагы Велодром стадионунда Германия менен Франциянын командалары беттешип, оюн 2:0 эсебинде франциялыктардын пайдасына ооду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102744/54/1027445443_0:0:2815:1768_600x0_80_0_0_fb0f818b0778111205a1bc7bd4d81277.jpg)
![Оюнда Франция курама командасынын оюнчусу Антуан Гриманн катары менен эки гол киргизип өзгөчөлөнө алды. Оюнда Франция курама командасынын оюнчусу Антуан Гриманн катары менен эки гол киргизип өзгөчөлөнө алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102744/71/1027447162_0:0:2594:1630_600x0_80_0_0_c906dae776cf6ceaa0a8f05dd75cd26e.jpg)
![Француздар Евро-2016 турниринин алкагында Марселдин стадионуна экинчи жолу чыгып жатат. Француздар Евро-2016 турниринин алкагында Марселдин стадионуна экинчи жолу чыгып жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102744/58/1027445855_0:0:2557:1606_600x0_80_0_0_d2672f40c368854b3c9dd4f3f8b98124.jpg)
Француздар Евро-2016 турниринин алкагында Марселдин стадионуна экинчи жолу чыгып жатат. Буга чейин "Велодром" стадионунда тайпалык этапта Албаниянын курама командасын дагы 2:0 эсебинде уткан.
Белгилей кетсек, Германия футбол боюнча дүйнө чемпиону болгон. Аны ат чабым артта калтырган француздар эми финалда Португалиянын курама командасы менен беттешет. Чечүүчү бүйүр кызыткан беттеш 10-июлда Париждин чет-жакасындагы Сен-Дени аймагындагы "Стад де Франс" стадионунда өтөт.