БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча өтүп жаткан 40-жыйынын алкагында эксперттер дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүгө түшкөн 29 арызды карайт. Бул туурасында аталган уюмдун сайтында маалымдалган. 10-июлда башталган сессия дагы тогуз күн уланат.
Тизмеге кирүүгө талапкер болгон мурастардын катарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сунуштаган Батыш Тянь-Шань тоо кыркалары кирет.
Мындан сырткары бул сессияда дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген 108 объектинин, анын арасында кара тизмеге кирген 48инин абалы талкууланат.
Буга чейин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Сулайман-Тоо менен кыргыз боз үйү киргизилген.
ЮНЕСКОнун тизмесине алынган мурастар туурасындагы маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин төмөнкү инфорграфикасын таанышсаңыздар болот.
![Кыргызстандын маданий мурастары Кыргызстандын маданий мурастары - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102062/86/1020628625_0:0:998:2600_600x0_80_0_0_46ef90a2db0fecab2d00f90ab5398e24.png)