БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эл чарбасы жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн жайын ижарага алгандардын ишин кезексиз текшерүү учурунда одоно кемчиликтер табылган. Бул туурасында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматы кабарлады.
"Компания эстеликтердин сакталышын камсыз кылган эмес, учурда алар жаман абалга келип калган. Ошондой эле жерди казгандан жана бактарды кыюудан жер катмарына бир топ зыян келген. Келтирилген чыгымдын жалпы көлөмү 460 миң сомду түздү", — деп айтылат билдирүүдө.
Андан сырткары эки кафе, дарбаза жана ички жолдор уруксат берген документтери жок жасалган.
Экотехинспекция экологияга келтирилген чыгымдарды мамлекеттин пайдасына төлөтүп, мыйзамсыз салынган курулуштарды бузууга ниеттенип жатат.