00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Жаныш, Байыш" жөнүндө беш факты. Эл даңктаган кош баатырлар

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКитеп окуп жаткан адам. Архив
Китеп окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар оозеки чыгармачылыгы аркылуу абалтадан эле элдин ой-тилегин, кыял-үмүтүн айткысы келип, аны ооздон-оозго жеткирип турган. Алардын бири "Жаныш, Байыш" дастаны.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз элинин баатырдык эпосторунун бири — "Жаныш, Байыш" жөнүндө беш фактыны сунуштайт.

"Жаныш, Байыш" – кыргыз элинин баатырдык дастаны. Ал бир нече кылым оозеки жашап, атадан-балага, улуудан кичүүгө айтылып келген. Негизги каармандар Жаныш, Байыш аттуу баатырлар. Эпостун бир вариантында эки баатырдын кытайлар менен согушканы айтылса, калган варианттарда кыргыз элинин сырткы душманы калмактар деп айтылат. Анткен менен бардык айтылыштарында жоокерчилик заман, элдин журт башчысын издеши, ичтен чыккан ийри жыландар, сүйүү темасы баяндалган.

Кожожаш. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кожожаш" эпосу жөнүндө жети факты. Сур эчки менен мергендин таймашы
Бир нече варианттары бар. 1922-жылы Молдобасан Мусулманкуловдон алгачкы варианты жазылып алынган. Калык Акиевдин варианты 1939-жылы биринчи ирет латын алфавитинде басылган. Кытайлык кыргыздардан Өмүр Мамбеттин айтканы1988-жылы китеп болуп чыккан. Булардан сырткары Шаанаев, Дыйканбаевден жазылып алынган. 

Азырынча эпостун чыккан тарыхы так эмес. Адабий чөйрөдө 15-17-кылымга таандык баатырдык эпос делсе, бир катарлары дастан каармандарына жана мазмунуна караганда кийинки доордо эле 16-18-кылымдарда жаралган болушу мүмкүн деген маалыматтарды айтып келишет.

Тектеш тилдерде да бар. Адабиятчылардын айтымында, "Жаныш, Байыш" мазмуну боюнча өзбек эпосу "Алпамышка", байыркы грек эпосу "Одиссеяга" окшош деп айтып келишет.

Кош образ, кош баатырлар. Чыгараманы ооздон оозго калтырып, айтканда эл Жаныш, Байыштын образын бири-биринен ажыратпай карашкан. Көп варианттарда, балким, бири-бирин толуктаган, бирок, өзгөчөлөнтүлүп каралган эмес. Эл эки баатырды бирдей баалап, бирдей даңктаган. Эл чыгарманы айтуу менен өздөрүнүн бардык ой-санаасын, учкул кыялын, келечек үмүтүн алардын кыймыл-аракетине, алардын күрөшүнө байланыштуу чечкен. Ошондуктан Жаныш, Байышка эр жүрөктүүлүк, намыскөйлүк, ашкере баатырдык, адилеттүүлүк сыяктуу жакшы сапаттарды ыйгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0