БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргыз эл баатыр, кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз эл акыны менен коштошуу зыйнаты 18-июлда саат 10:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрында өтөт.
Сүйүнбай Эралиев 95 жашында каза болду. Ал 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айлында төрөлгөн.
1944–1951-жылдары Талас облустук "Лениндик туу" гезитинин жооптуу катчысы, "Кыргызстан пионери" гезитинин жооптуу редактору, 1959–1965-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1984-жылдан тарта Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.
Анын "Жылдыздарга саякат", "Атам, жерим жана мен", "Жол", "Космос поэмасы", "Ак жыттар", "Кыргыз жаны", "Кесир инсан" поэмалары өзүнүн көркөмдүк жана жанрдык өзгөчөлүгү менен окурмандардын арзуусуна татыган.