БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кечээ, 18-июль күнү Катар өлкөсүндө Кыргызстандын элчили каалгасын ачты. Расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын соңунда болорун КРдин тышкы иштер министрлиги билдирди.
Элчиликтин имаратына Кыргызсандын герби жана желеги илинди.
![Техническое открытие посольства КР в государстве Ката Техническое открытие посольства КР в государстве Ката - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102789/33/1027893309_0:0:1536:2048_600x0_80_0_0_257bca295d9fa4a52e89297fc36ebca9.jpg)
"Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет Катарда элчилик ачылды. Ал жерге илинген желек менен герб Бишкекте жасалган. Анын узундугу 1,7 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Ал эми флагштоктун узундугу 5 метрге чейин жетет", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз элчилигинин имараты Доха шаарынын борбордук бөлүгүндө, Аль-Джебайлат (Леджабайлат) аймагында жайгашкан. Аталган аймакта шаардагы эң кооз мечит жана Белгия, Тажикстан, Уругвай өлкөлөрүнүн элчиликтери жайгашкан.
Ал ортодо бул жаңылык менен Катардагы элчи Нуран Ниязалиев Facebook баракчасына бөлүштү.