БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Мурдагы жол кайгуул кызматынын (азыркы Кайгуул милициянын башкы башкармалыгы) инспектору Вахитжан Салимбаев кызматтык абалынан кыяныттык менен пайдаланганы үчүн үч жылга кесилгенин Жогорку соттун маалымат кызматы маалымдады.
ИИМден билдиришкендей, 2015-жылы 11-июнда болжол менен саат 21.30дар чамасында жол кайгуул кызматынын өкүлү Салимбаев "Ниссан Альмеро" үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан 23 жаштагы Тилек Шабаев атып салган. Окуя Чүй облусунун Беловодск айылында болгон. Күбөлөрдүн айтымында милиция кызматкери айдоочу Шабаевди жүйөсү жок эле атып салган. Буга чейин аны Москва райондук соту эки жылга шарттуу кескен.
Эми Чүй облусунун кылмыш жана административдик мыйзам бузуу иштери боюнча сот коллегиясы ишти иликтеп, тараптарды уккандан кийин өкүмдү кайра карады.
Сот Салимбаевди үч жылга кести. Бирок, ал белгилинген жаза мөөнөтүн өтөп койгондуктан сот залынан бошотулду.