00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:11
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:09
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жол кыймылын көзөмөлгө салган жаранга милиция эскертүү берди

© © кадр из видео очевидца, отправленное по Whats App-каналуБорбор калаадагы Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жол чырак иштебегендиктен жол кыймылын көзөмөлдөгөн жаран
Борбор калаадагы Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жол чырак иштебегендиктен жол кыймылын көзөмөлдөгөн жаран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы боюнча эрежени бузгандыгы үчүн ал жаран борбор калаадагы Ленин районундагы №1 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

БИШКЕК, 21-июл.— Sputnik. Борбор калаадагы Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жол чырак иштебегендиктен жол кыймылын көзөмөлдөгөн жаранга Бишкек ШИИББ эскертүү берди. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан маалымат сайтына кабарлады.

Буга чейин аталган аймактагы тез татым борборунда иштеген Медер аттуу жигит жөнгө салып жаткандыгы кабарланган.

Кечээ ал жигит Ленин районундагы №1 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилип, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Жол кыймылы боюнча эрежени бузгандыгы үчүн ал жаран Ленин районундагы №1 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилип, ал жерден эскертүү жасалып, кое берилди", — деп кабарлады шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев. 

Жол кыймылын жөндөгөн жаран мындан ары жол кыймылын өз алдынча жөндөбөөгө убада бергендигин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Буга чейин да апрель айында интернетке белгисиз жигиттин жол чырактын иштебей калганынан улам жаралган тыгынды жөнгө салып жаткан видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0