БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Ахлидин Исраилов карьерасын Украиналык "Черкасский Днепр" командасында улантат. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди.
Исраилов аталган клуб менен эки жылдык келишимге кол койду.
Оюнчу 2008-жылдан бери Киевдин "Динамо-2" клубунда ойноп келген. Аталган клуб 2015-2016-сезондон соң жоюлду.