БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко АКШлык атаандашы Тайбоксер Холли Холмду беттеште жеңип алды.
UFC турниринин алкагындагы бул кармашуу 23-июлда Чикаго (АКШ, Иллинойс штаты) шаарында өттү. Бишкекте жашагандар аны жекшембинин таңында көрө алышты.
![Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко АКШлык атаандашы ТайбоксерХолли Холмду беттеште жеңип алды. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко АКШлык атаандашы ТайбоксерХолли Холмду беттеште жеңип алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102807/17/1028071726_0:232:3371:2351_600x0_80_0_0_280fa2fb8dfa3d13d5bc99215811379b.jpg)
![UFC турниринин алкагындагы бул кармашуу 23-июлда Чикаго (АКШ, Иллинойс штаты) шаарында өттү. Бишкекта жашагандар аны жекшембинин таңында көрө алышты. UFC турниринин алкагындагы бул кармашуу 23-июлда Чикаго (АКШ, Иллинойс штаты) шаарында өттү. Бишкекта жашагандар аны жекшембинин таңында көрө алышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102807/17/1028071733_0:148:3234:2180_600x0_80_0_0_c615866290cd2f9eabff2781e0ee1b34.jpg)
Кармаш беш раунд менен болду. Анын жыйынтыгында калыстар жеңишти Кыргызстандык кызга ыйгарды.
Валентина Шевченко 62 салмактык категориясында кармашса, атандаашы Холм 61 салмакта беттешти.
КРдин муай-тай федерациясынын президенти Елена Шевченко социалдык тармактагы баракчасында спротчуну жеңиши менен куттуктады.
Ultimate Fighting Championship— спорттук мушташтын аралаш түрү боюнча беттешүүлөрдү Түндүк Америкада, Европада жана Азияда өткөргөн спорттук кадыр-барктуу уюм. Штаб-квартира Лас-Вегаста (АКШ) жайгашкан.