БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы аквапарктын биринде сууга секирген 23 жаштагы жарандын мойну сынганын Тез жардам кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, билдирүү саат 18:30дар чамасында келип түшкөн. Ал сууга секирип жатканда башынан жаракат алган.
"Жабыр тарткан жаран Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жаткырылган. Анын баш мээси чайкалып, мойну сынган", — деп айтылат билдирүүдө.
Тез жардам кызматына бир суткада 618 кайрылуу түшкөн. Анын 453үнө жеринде жардам берилип, 114 киши ооруканага жаткырылган.