Токтом долбооруна ылайык, Токтоналиев көчөсү Ботаникалык бакты бойлой кетчү Кара-Көл көчөсүнө өтөт. Эгер жолду кеңейтүү планы ишке ашса, ботаникалык бак 522,5 метр жерин жоготушу мүмкүн.
План боюнча жаңы жолдун узундугу 2,8 чакырым, туурасы 15 метр, ал эми тротуардыкы 2,25 метр болот.
Буга чейин мэрия Ботаникалык бактын жери алынбай, болгону анын тосмосу жылдырыла турганын айткан. Бирок "Ботаникалык бактын" директорунун орун басары Таштан Көчкүмбаев өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү жоголуп кетиши мүмкүндүгүн айткан.
"Биз бакчаны коргойбуз. Мындай болбош керек. Мэриянын өкүлдөрү менен азырынча жолуга элекпиз, бирок аягына чейин турабыз", — дейт Көчкүмбаев.
Ал ошондой эле бакчанын сугат системасы бузулуп, айрым өсүмдүктөр толугу менен жок болуп кетүү коркунучу бар экенин кошумчалады.